Өсүмдүктөр коомдоштугу
Өсүмдүктөр коомдоштугу - өсүмдүктөр тобу белгилүү аймакта бири-бири менен абиостук жана биостук шарттары менен өз ара татаал мамиледе болгон бардык автотрофтуу жана гетеротрофтуу өсүмдүктөр жыйындысы. Өсүмдүктөр коомдоштугу бири-биринен түрлөрдүн курамы, структуралык түзүлүшү, өсүү шарты менен айырмаланат. Мисалы, уй беде шалбаада, ак кылкан талаада өсөт ж. б., к. Фитоценоз.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7