Өсүмдүк даты

Википедия дан

Өсүмдүк даты - өсүмдүктөрдүн кеңири тараган жана өтө зыяндуу илдети. Basidiomycetes классындагы дат козу карын пайда кылат. Өсүмдүктүн илдетке чалдыккан органдарында ичинде козу карын спорасынан турган дат күкүмү бар ар кандай формадагы (тегерек, сүйрү) жана чоңдуктагы ыйлаакча пайда болот. Бардык дат козу карындар — облигаттык мителер.

Эгилме жана жапайы өсүмдүктүн ар бирине мүнөздүү датты пайда кылат. Күрөшүү чаралары: терен айдоо; агротех. иштерди туура жүргүзүү, айрыкча дан эгиндеринин илдетке туруктуу сортторун эгүү ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]