Өсүмдүк зыянкечтери
Көрүнүш
Өсүмдүк зыянкечтери - эгилме өсүмдүктөргө залал келтирүүчү жандыктар. Ө. з. жылына дүйнөлүк түшүмдүн 20-25% ин жок кылат. Өсүмдүк зыянкечтеринин ичинен айрыкча омурткалуулардан кемирүүчүлөр, омурткасыздардан боор буттуу моллюскалар, нематодалар классындагы жумуру курттар, ошондой эле курт-кумурска жана жөргөмүштөрдүн, көп буттуулардын жана чаян сымалдар классынын көп түрү зыян келтирет, к. Өсумдук бити, Колорада коңузу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7