Өсүмдүк карантини

Википедия дан

Өсүмдүк карантиниөсүмдүктү өтө коркунучтуу зыянкеч, илдет жана отоо чөптөн коргоо боюнча мамлекеттик иш-чаралар системасы.

Ө. к. боюнча алгачкы закон Францияда (1660) кабыл алынган. СССРде карантин кызматы 1931-ж. уюштурулган. Бул ишти мамлекеттик агрардык өнөр жай комитетине караштуу өсүмдүк коргоо боюнча Башкы башкарманын Мамлекеттик карантин комиссиясы тейлеп, ага областтык, райондук инспекциялары баш ийген. К. коюлуучу өсүмдүк зыянкечтери, илдеттери жана отоо чөптөр өзүнчө катталып, көзөмөлгө алынат. Зыянкеч, илдет жана аларды козгогучтарды өлкөгө өткөрбөө максатында үрөн, көчөт, мөмө-жемиш, жашылча, чет мамлекеттен келген жүк, о.эле өлкөдөн алынып чыгуучу экспонаттар кылдат текшерилет. СССР 1965-ж. Ө. к. жана өсүмдүктү коргоо боюнча эл аралык Рим конвенциясына кирген; 1957-жылдан өсүмдүк коргоо боюнча Европа жана Жерортолук деңиз уюмуна мүчө; 1960-ж. Экономикалык өз ара жардамдашуу советине мүчө мамлекеттердин ортосунда Ө. к. жана өсүмдүк коргоо боюнча түзүлгөн келишимди ратификациялаган. Булардан тышкары дагы чектеш 11 мамлекет менен өтө коркунучтуу илдет, зыянкеч жана отоо чөптөргө каршы күрөшүү үчүн эки тараптуу келишим түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]