Өсүмдүк майлары

Википедия дан
Өсүмдүк майлары

Өсүмдүк майлары — өсүмдүктөр уругунан же мөмөсүнөн сыгып же экстракция ыкмасы менен алынган майлар, табигый продукт. Курамында үчглицерин (95-91%), башкафосфатиттер, май к-талары, липохромдор, витаминдер жана башка даам, жыт, түс берүүчү бирикмелер болот. Тыгызд. 0,900-0,980 г/см3, өңдөрү ачык сарыдан кочкул күрөнгө чейин болот. Алардын касиеттери курамындагы ири молекулалуу чексиз май к-тасына байланыштуу: суюк Ө. м. — чексиз май к-талары көп, 0°С төмөнкү темп-рада, ал эми катуу (тоң) Ө. м. 40°С тоңот. Тоң Ө. м. тропиктик пальма өсүмдүктөрүнөн алынат. Суюк Ө. м. абада окистенип, акырындык менен каймактап катат. Ө. м. азыктык баалуулугу курамындагы ири молекулалуу май к-талары, глицериддер (зыгырдыкында 80-90 %, күң караманыкында 40-50 % чейин), фосфатиттер (сояда 3000 мг %, күн карамада 1400 мг% чейин), стериндер (жүгөрү 1000 мг %, күн карамада 300 мг % чейин), токоферол (соя жана жүгөрүдө 100 мг  % ашык, күн карама 60% чейин) көп болушу менен аныкталат. Ө. м. газды эритип, буулануучу заттар жана эфир майларын сиңирип алат. Кастор майынан башкасы органикалык  эриткичтер (бензол, бензин жана башка) менен жакшы аралашат. Ө. м. тамак-аш өнөр жайында жана техникада: самын, олиф, лак, май к-таларын жана башка бирикмелерди алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]