Өсүмдүк тынымы

Википедия дан

Өсүмдүк тынымы - өсүмдүктүн өсүүсү жайлап же токтоп, зат алмашуусу акырындаган физиол. абалы. Тиричилик циклиндеги түрдүү шартка ыңгайланууда, эволюциянын жүрүшүндө пайда болгон. Тыным мезгилинде өсүмдүк же анын уругу, пияз түбү, сабагы, бүчүрү, түймөгү, спорасы ысык-суукка, кургакчылыкка туруктуу келип, өсүүсү токтойт. Өсүмдүк тынымы терең жана аргасыздан болуп экиге бөлүнөт. Терен тыным анын узактыгы жана ички зат алмашуу менен шартталат, мисалы, кышкы тыным. Аргасыздан тыным алуу өсүү үчүн шарттын жоктугунан келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]