Өсүү
Өсүү — организмдин өлчөмүнүн, салмагынын чоңоюшу. Өсүү менен катар организмде сапаттык өзгөрүүлөр клеткалардын, ткандардын, органдардын дифференциация процесстери жүрөт. Өсүүдө диссимиляцияга караганда ассимиляция басымдуулук кылат. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн өсүүсү 3 этапка бөлүнөт: эмбриондук, узаруу (чоюлуу) жана дифференциация. Эмбриондук (алгачкы, биринчи) өсүү ферменттердин, белоктордун, фитогормондордун синтези жана клеткалардын бөлүнүшү менен байланыштуу. Узаруу же чоюлуу этабына өткөндө вакуоль пайда болот. Протоплазманын саны көбөйүп, клетканын өлчөмү чоноё баштайт. Дифференциация фазасында өзгөчө түзүлүштөгү жана сапаттагы клеткалар, ткандар жана органдар өөрчүйт. Өсүмдүктөрдүн өсүүсүнүн 3 этабы тең пайда кылгыч ткань меристемада өтөт. Өсүмдүктөрдүн өсүүсү түргө да жараша болот, мисалы, дан өсүмдүктөрүнүн сабагы муун аралыгынын түбүнөн — интеркалярдык өсөт. Өсүүгө ыргактуулук, башкача айтканда мезгилдин табигый алмашышына жараша тез жана жай өсүү мүнөздүү. Ыргактуулуктун мезгилдик жана суткалык түрлөрү белгилүү. Мезгилдик ыргактуулуктун натыйжасында көп жылдык өсүмдүктөрдө жана жаныбар скелетинде жылдык шакектер пайда болот. Кай бир организмдер (балыктар, жерде-сууда жашоочулар, моллюскалар, өсүмдүктөр) бүткүл өмүр бою өсүшсө, кээ бирлери өмүрүнүн белгилүү бир этабына (мисалы, канаттуулар жыныстык жетилгенге) чейин гана өсөт. Чөйрө шарттарынын, өзгөчө азыктануу, жарык, нымдуулук жана популяциясынын жыштыгынын ролу зор. Чөйрөнүн жагымсыз шарттары өсүүнү басаңдатат, кээде токтотот (к. Өсумдук тынымы). Өсүүнүн закон ченемин, себептерин, ага таасир кылуучу факторлорду билүү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өсүүсүн керектүү бир багытка салууга, башкача айтканда башкарууга мүмкүндүк берет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7