Өтмө кызыл туу

Википедия дан

Өтмө кызыл туу - СССРде социалдык мелдештин жеңүүчүлөрүн коллективдүү сыйлоонун түрү болгон.

Мекемелер, министерстволор, ведомстволор үчүн СССР Мин. Советинин, ВЦСПСтин, ошондой эле мин-волордун жана профсоюздар БК сынын Өтмө кызыл туусу белгиленген. Союздук респ-каларда Мин. Советинин уруксаты боюнча мин-волор, ведомство­лор профсоюз органдары менен биргелешип Өтмө кызыл ту белгиленет.

Республикалык Өтмө кызыл туу айыл чарбасы боюнча республикалык мелдеште жеңген колхоздор үчүн белгиленген. Бир эле заводдогу мелдеште жеңип чыккан айрым участкаларды, бригаданы, цехти, сменаны коллективдүү сыйлоо боюнча да Өтмө кызыл туу бар.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.