Мазмунга өтүү

Өтмө маани

Википедия дан

Өтмө маани — сөздөрдүн өз маанисинен башка мааниге өтүп, баштапкы маанисинен башка нерселерди түшүндүрүп калышы. Маселен адамга карата “жылан экенсиң” десек, кадимки сойлоочу жаныбар жыланды эмес, адамдын жыланга окшогон мүнөзүн, иш-аракетин туюнтуп жатат. Өтмө маани топтун түрлөрүндө болот. Ар түрдүү коомдо сөздөрдүн өтмө мааниси өзгөрүп кетиши да мүмкүн, ошондой эле ал башка тилдердин эсебинен да байып турат.

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004