Өтмө нурлануу

Википедия дан

Өтмө нурлануу – бир калыпта түз сызыктуу кыймылдагы заряддалган бөлүкчө сынуу көрсөткүчтөрү ар түрдүү эки чөйрөнү бөлгөн чегин кесип өткөндө пайда болгон электр-магниттик толкундун нурлануусу.

1945-ж. В.Л.Гинзбург жана И.М.Франк алдын ала бул кубулушту айткан. Алар нур бөлүү чегинде эки тарапта тең пайда болорун көрсөткөн. Бир тектүү чөйрөдө заряддалган бөлүкчөнүн талаасы өзү менен кошо которулат. Талаанын мүнөзү бөлүкчөнүн ылдамдыгы жана чөйрөнүн касиеттери менен аныкталат. Бөлүкчө башка чөйрөгө өткөндө анын талаасы өзгөрөт, бул электр-магниттик толкундун нурлануусун пайда кылат. Арт жакка көрүнүүчү диапазондун электр-магниттик толкундары нурланганын эсептөөлөр көрсөттү, бирок бул нурлануунун күчү аз. Бөлүкчөнүн энергиясы ε аз учурда артка Өтмө нурланууга кеткен энергия ε го пропорциялаш өсөт, ε жогору болсо, өсүү акырындайт. Артка Өтмө нурлануу тажрыйбада 1-жолу 1958-ж. байкалган. Вакуумда металл бетине түшкөн бөлүкчөлөрдүн агымынан Өтмө нурлануу жөнөкөй көзгө беттин агым түшкөн жеринде жаркыраган ак так түрүндө байкалат. Экспериментте алынган Өтмө нурлануунун мүнөздөмөсү теория менен жакшы айкалышат. Өлчөөлөрдүн эксперименттик методдорунун өнүгүшү менен Өтмө нурланууну аныктоо өтө так болгондуктан (спектри, поляризациясы, бурчтук бөлүнүшү) беттин оптикалык касиеттерин билүүгө болот. Алдыга Өтмө нурлануу ε дун чоң маанисинде Өтмө нурлануунун энергиясы ε го пропорциялаш, бөлүкчөнүн кыймылынын багытын карай өтө кичине бурч менен таралат. Алдыга Өтмө нурлануунун жыштыгы өтө кенен спектрдик тилкени ээлейт, жыштыгынын максимуму ε го пропорциялаш болот. Энергиянын ε өсүшү менен Өтмө нурланууга кеткен жоготуунун сызыктуу өсүшү заряддалган тез учкан бөлүкчөлөрдүн энергиясын аныктоодо пайдаланылат. Өтмө нурланууга негизделген эсептегичтер заряддалган бөлүкчөлөрдүн (мис., космос нурлары) мүнөздөмөлөрүн башка ыкмалар натыйжасыз болгондо аныктайт. Өтмө нурлануу чөйрөнүн касиеттерин (тыгыздыкты, кристалл торчосунун мезгилин ж. б.) аныктоо үчүн да колдонулат. Заряддалган ылдам бөлүкчөлөрдүн кыймылында Өтмө нурлануу Черенков – Вавилов нурлануусунан ажыратылбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]