Өтө купуя

Википедия дан

"Өтө купуя" (англ. ) — Бекка Фитцпатриктин калемине таандын төрт романдар циклинин төрттүгү. Чыгарма окурмандарды өспүрүм Нора Грейдин окуясына жетелейт. Ал асмандан түшкөн периште Пэтчке ашык болуп калып, өзүнүн да периштелик мурасы экенин билип калат. Сериядагы биринчи китеп "Өтө купуя" 2009-жылдын 13-октябрында Simon & Schuster аркылуу жарык көргөн. Ал эми сериядагы акыркы роман "Аягы" 2012-жылы 23-октябрда чыккан. Китептер цикли алгач үчилтик болот деп жарыя кылынган менен кийинчерээк серияда төрт китеп болоору айтылган.

Китептер сериясынан тасма тартуу укугу LD Entertainment компаниясы тарабынан сатылып алынып, китеп укуктары 13 өлкөдө сатылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмага ылайыкташтырылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылы декабрда Entertainment Weekly журналы LD Entertainment китептерди бир эле тасмага эмес, тасмалар циклине айлантуу ниети бар экенин жазып чыккан. Патрик Шон Смит биринчи тасма үчүн сценарий жазууга бекитилген.

2014-жылы 8-июлда Бекка өз сайтында "Өтө купуяны" тасмага айлантуунун убагы келе элек деген чечим кабыл алып, LD Entertainment менен келишимди жаңырткан. Ал күйөрмандардын колдоосун жогору баалаарын жана анын чечимин да сыйлашат деп үмүттөнөөрүн айткан. Ал муну менен тасма эч качан тартылбайт дегиси келбегенин, бирок учурда тасма тартылбай турганын айткан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]