Өтө өткөрүмдүү магнит

Википедия дан

Өтө өткөрүмдүү магнит – өтө өткөрүмдүү материал оромдуу соленоид же электр-магнит. Өтө өткөрүмдүү абалдагы оромонун омдук каршылыгы жок. Ал чукул туюкталса, андагы электр тогу каалаганча узак убакыт бою өзгөрбөстөн айланат жана анын магнит талаасы турактуу калат.

Азыркы Өтө өткөрүмдүү магнитте 150–200 кГс ка чейинки магнит талаасын алууга болот. Температурасын өтө өткөрүмдүүлүктүн критикалык Тк температурасынан жогорулатса, Өтө өткөрүмдүү магнит өтө өткөрүмдүүлүгүн жоготот. Муну эске алып оромо үчүн жогорку маанидеги материалдар колдонулат. Оромонун айрым бөлүктөрүндө өтө өткөрүмдүүлүктү жоготпос үчүн оромо электр жана жылуулук өткөрүмдүү (Си жана А ) нормалдуу металлдын матрицасындагы өтө өткөрүмдүүлүк-түн ичке тарамынан турган зым жана шина түрүндө чыгарылат. Тарам жоондугу бир нече ондогон мкм ден ашпайт, бул ток менен бирге көбөйгөн магнит талаасы оромого өткөндө, андан жылуулуктун бөлүнүшүн төмөндөтөт. Бул өткөргүч окту бойлото толгонот, бул матрицанын металл аркылуу туташтырылуучу өтө өткөрүмдүү тарамдарга багытталган токтун азайышына шарт түзөт. Морт интерметалл Nb3Sn жана V3 Ca бирикмелеринен турган оромо материалдары эки бетинде тең интерметалл бирикме катмарлуу (2−3 мкм) 10−20 мкм калыңдыктагы Nb жеV ден тасма түрүндө чыгарылат. Тасма жез же дат баспоочу болоттун катмары менен капталат. Өтө өткөрүмдүү магнит' заттардын магниттик, электрдик жана оптикалык касиеттерин изилдөөдө, плазманы үйрөнүү эксперименттеринде, атом ядросун жана элементардык бөлүкчөлөрдү изил-дөөдө колдонулат. Өтө өткөрүмдүү магнитти алууда – чексиз убакытка энергияны индукциялык топтоодон өтө өткөрүмдүүлүк принциптүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]