“Кетмен-Төбө биримдиги” коому

Википедия дан

“Кетмен-Төбө биримдиги” коому 1996-жылы Токтогул районунун Бишкек шаарында жашаган атуулдарынын демилгеси менен түзүлгөн.

Коом Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн, өз расчеттук эсеби, өзүнүн герби жана гимни, айына бир жолу чыгып туруучу гезити бар. Коомдун негизги милдети мамлекеттин жүргүзгөн саясатын колдоо, элди ынтымакка, биримдикке чакыруу, райондун тургундарынын чечилбеген маселелерине көмөк көргөзүү, элибиздин илгертен келаткан каада-салтын, чыгармачылыгын өркүндөтүү, Кетментөбө өрөөнүнөн чыккан белгилүү инсандардын эмгегин элге, кийинки муундарга жеткирүү. Азыр коом өз мүмкүнчүлүгүнө жараша эл ыраазычылыгына татыктуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Мисалы: Кыргыз элине белгилүү инсан, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Абды Сүйөркуловдун 90 жылдык юбилейин, кыргыздын алгачкы медиктеринин бири, профессор Зыфар Егембердиевдин (Эгембердиев) ысмын райондук ооруканага ыйгаруу, Бишкек шаарында көчөгө ысмын берүү ж. б. “Кетментөбө биримдиги” коомунун төрагалыгына алгач Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары, кыргыз элине белгилүү инсан Булан Насиров, орун басарлыгына Бурканов Мырзакмат шайланган.

Азыркы күндө коомдун төрагасы Калмурат Садиев. Кетментөбө биримдигине жалпы Токтогул районунун тургундары өз каалоосу менен мүчө боло алат. Коомдун жергиликтүү уюмдары Жалалабатта, Каракөлдө, Токтогулда иш алып барат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5