100 айым (ВВС)

Википедия дан
100 айым
BBC 100 Women and Wikipedia freebies.jpg
100 Women
Өлкө

Улуу Британия Улуу Британия

Уюштуруучусу

Би-Би-Си

Негизделгени

2013-жыл, 22-октябрь

Сайты

100 айым (ВВС)

100 айымБи-Би-Синин атайын долбоору 2013 жылдан тарта  жылдын дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялайт[1]. Долбоордун урааны – «100 айым: дүйнө жүзү боюнча окуялар». Аялдар тууралуу окуялар дүйнө жүзү боюнча тартылылат.

Сыйлык ээлеринин ысымдары жарыялангандан кийин үч жумалык «Би-Би-Синин аялдар сезону» башталат: лауреаттар тууралуу маалыматтарды жайылтуу, онлайн иш-чаралар, дебаттар жана макалалар, ошондой эле аялдардын көйгөйлөрүнө байланыштуу даректүү тасмалар. «100 айым» [2]тизмесине  дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан шыктандыруучу аялдар кирет.

«100 айым» тизмесине кирген кыргызстандыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шайырбү Сагынбаева Би-Би-Синин тандоосу менен 2023-жылдын таасир берүүчү айымдардын катарына кирген. Ал рак менен 2017-жылы ооруп, ремиссияга чыгып, Бишкекте рак оорусу менен ооруп калган аялдарга жардам берүү үчүн “Жашоо үчүн бирге” өнөрканасын ачкан.Кирешени толугу менен ракка каршы дарыланып жаткандарга жумшайт. Сагынбаева ошондой эле дарылоо борборунан алыс жашаган бейтаптарды колдоо зарыл экенин түшүнүп, ооруканага жакын жерде бейтаптар жата турган коммерциялык эмес хостел ачкан.[3]

Айнура Сагын кыргызстандык инженер, экологиялык Tazar стартабынын директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири 2022-жылдагы тизмесине кирген[4].

Гүлназ Жүзбаева Кыргызстанда Көзү азиздер федерациясынын башчысы, активист. Ɵкмөттүк документтердин Брайл шрифине өткөрүүгө тынымсыз аракет кылып, көзү азиздердин социалдык адаптациясы боюнча программаны ишке ашырганы үчүн Британиянын BBC басылмасы 2020-жылдагы эң таасирдүү, перспективдүү жана үмүт жараткан «100 айымдын» тизмесине кирген.[5]

Бул тизмеге Кыргызстандан буга чейин мурдагы президент Роза Отунбаева, манасчы Ширин Сарыгулова кирген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 100 Women
  2. Жүз айым.ВВС Кыргыз Кызматы. https://www.bbc.com/kyrgyz/topics/c340qrx17x8t
  3. 1)     Шайырбү Сагынбаева, Кыргызстан. Би-Би-Синин 100 Айым долбоору 2023: быйыл тизмеге кимдер кирди? ВВС Кыргыз Кызматы, 21 - ноябрь, 2023 жыл. https://www.bbc.com/kyrgyz/resources/idt-02d9060e-15dc-426c-bfe0-86a6437e5234
  4. BBC: кыргызстандык инженер Айнура Сагын дүйнөнүн эң таасирдүү 100 айымынын тизмесине кирди. ПолитКлиника, 2022 https://pk.kg/news/inner/bbc-kyrgyzstandyk-inzhener-ajnura-sagyn-d-jn-n-n-e-taasird-100-ajymynyn-tizmesine-kirdi/
  5. "100 айым": Гүлназ дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын катарында

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]