2017-жыл музыкада

Википедия дан
2017-жыл музыкада
2015 — 2016 — 2017 — 2018 — 2019
О. эле: 2017-жылдагы башка окуялар
Театрдагы окуялар жана Кинодогу окуялар


Концерттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти

Нааразылыктар жана ой-пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылы жаш ырчылар сыйлыктарды биринин артынан бири алышты. Нурайым Азыкбаева, Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Кайрат Примбердиев, Гүлзинат Суранчиева “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамын алышкан. Бирок коомчулук кечээ чыккан ырчыларды эмес, чыгармалары менен бир нече муунду тарбиялап келе жаткан маданият кызматкерлерине сыйлык берилбегенин айтып нааразы болушту. Алардын катарында ырчылар Мерген Турган, Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева, Малик Аликеев, актёрлор Марат Жанталиев, Назым Мендебаиров, Азиз Мурадиллаев, Аскат Сулайманов өңдүү таланттар бар. Мерген Турган “менин Маданияттын мыкты кызматкери эмес, жаман кызматкери деген да төш белгим жок” деп нааразы болгону элдин эсинде калган. Айрыкча эл арасында Самара Каримова менен Гүлжигит Сатыбековдун наам алганы катуу сындалды. Ушундай окуяларга байланыштуу талкуулар маданият министри Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетишине себепчи болду.

эл аралык сынактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөбүздү бий жагынан дүйнөгө таанытып жүргөн Атай Өмүрзаков бул жылы да ишмердүүлүгүн улантты. Бийчинин шакирттеринен түзүлгөн “Адэм” бий тобу Малайзияда өткөн "Asia’s Got Talent" сынагында мыкты өнөр тартуулаганы үчүн калыстар аларды автоматтык түрдө жарым финалга өткөрүшкөн. Мекендештеринин колдоосу менен Атай Өмүрзаковдун шакирттери 5-орунга ээ болуп катышкан. Кыргызстанды чет өлкөдө татыктуу көрсөтүү жаш таланттар да бар. Алар орусиялык куудул Максим Галкин алпарган “Баарынан мыкты” (“Лучше всех”) балдар берүүсүнө катышып келген. Интернетте өзгөчө бийи менен популярдуу Нурпери Тургуналиева. Ошондой эле ырчы Омар Казакстанда өткөн Эл аралык “Silk Way Star” музыкалык сынагында баш байгени жеңип алган.