Шахада

Википедия дан
6 сыфат‎»‎ барагынан багытталды)
Шахада
Шахада

Шаадат (күбөлүк) келмеси – адамдын исламга киришиндеги эң алгачкы баскыч. Бул келме - Жараткан Алланын бар жана бир экендигине ишенүү менен бирге акыр заман пайгамбары Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын ырастап, ага өз жанын күбө кылышы маанисинде айтылган ишеним сүйлөмү. Бул себептен улам шахадат келмеси – диндин пайдубалы.

Шаадат келмеси – бул, أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلٰهَ إِلاَّ اللّٰهُ وَأَشْهَدُ أَنَّ محَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ (Ашхаду ан лаа илаха иллаллох ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух) деген сөздү тил менен айтып, дил менен ырастоо. Анын терең маанисине көңүл бурсак, исламга таандык калган бүткүл ишенимдерди өз ичине камтыганын көрөбүз. Курандын бардыгы шахадат келмесинин түшүндүрмөсy жана чечмелениши деп айтсак, жаңылбайбыз[1].

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Калима-и шахадат

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]