Aзор антициклону

Википедия дан

Aзор антициклону - Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү субтропик жана тропик алкактарында пайда болгон атмосфералык жогорку басымдуу аймак. Жыл бою аракетте болот; айрыкча жайында даана байкалат. Aзор антициклону Евразиянын, айрыкча Түштүк Европанын жана Түндүк Африканын климатына өзгөчө таасир этет (жайында Жер ортолук деңизин, кышында Сахара чөлүн көздөй багытталат).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1