Aнонс

Википедия дан

Aнонс (французча annonce - жарыялоо) - боло турган спектакль, кино, гезитке жарыялануучу сенсациялуу (кызыктыруучу) макала жана башка жөнүндө алдын ала кулактандыруу. Анын өтө таасирдүү түрү - «тизер» (англ. teaser - делебени козгоо, тажатуу) болуп саналат. Анда ар кандай кабарлар же башка телерадиопрограммалар аркылуу эң кызыктуу маалымат берилери тууралуу күн мурунтан кабарланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1