Aнтpопоцeнология

Википедия дан

Aнтpопоцeнология (антропо... жана грекче kainos - жалпы, logos - окуу) - адамды өзгөчө биосоциалдык түр катары кароо менен анын келип чыгуусун, эволюциясын, курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн жалпы законченемдүүлүктөрүн аңдап билүү. Адамдын көбөйүшү, илимий техниканын өнүгүүсү менен курчап турган чөйрөгө терс таасирлер көбөйүүдө. Адам өзүнүн жашоосун жакшыртуу үчүн жаратылыш байлыктарын эбегейсиз көп жана үнөмсүз пайдаланат. Андыктан, атмосфера, гидросфера, литосфера булганып, жаратылыш байлыктары улам азаюуда. Бирок, барган сайын «адамдын автотрофтуулугу» жогорулоодо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1