AltaVista

Wikipedia дан

Digital Electronics Corp. (DEC) корпорациясы иштеп чыккан издөө системи. AltaVista - "жогорудан көз караш" дегенди түшүндүрөт. AltaVista издегич машинеси колдонуучуга табигый тилде жөнөкөй издөөнү уюштуруп берет. Шарттуу операторлорду колдонуп татаал издөөлөрдү аткаруунун ыңгайлуу жана өтө тез иштеген издегич программасын сунуштаган. Анын кемчилиги катары даярдалбаган колдонуучу койгон суроо талаптарга ишке тийиши болбогон башка документтерди да таап бергендигинде турат. Ошондуктан AltaVista нын регистр абалы, талаа багытын жана фразаны колдонгон өзгөчөлүктөрү эске алынса жакшы жыйынтыктарды алууга болот. 2011 Бугу айынан бери AltaVista Yahoo! издөө технологиясына өткөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]