Amazon Kindle

Википедия дан

Amazon KindleAmazon тарабынан чыгарылуучу, электрондук китептерди окуу үчүн түзмөктөр сериясы. Amazon Kindle түзмөктөрү, колдонуучуларга электрондук китептерди, газеталарды, журналдарды, блогдорду жана башка санариптик медиаберилмелерди зымсыз тармак аркылуу сатып алуу, жүктөө, көрүү жана окуу мүмкүнчүлүгүн берет.[1]

Amazon.com туунду Lab126 компаниясы менен иштелип чыккан аппараттык платформа, бир түзмөк катары башталган, бирок эми өзүнө бир катар моделдерди: «Kindle», «Kindle 2», «Kindle 3» (азыр «Kindle Keyboard»), «Kindle 4» жана «Kindle DX», «Kindle 4 touch», «Kindle 5» жана «Kindle Paperwhite», ошондой эле «Kindle for PC», «Kindle for iPhone», «Kindle for Mac», «Kindle for Android» жана «Kindle for BlackBerry» тиркемелерин камтыйт.

Kindle түзмөктөрүнүн электрондук сыя (E-Ink) технологияларынын негизиндеги дисплейлери бар — акыркы муун (алтынчы муун) эң аз энергия керектөө менен китеп окуганга окшоштуруу үчүн боз 16 түсүн иштеп чыгарат. Kindle жеке компьютерсиз пайдаланылышы мүмкүн. Түзмөк Интернет тармагына кирүүгө мүмкүндүк берет.

Kindleге электрондук кагаздын негизинде башка түзмөктөр: Sony Reader, Barnes & Noble Nook, PocketBook Reader, iRex iLiad жана башкалар атаандаштык кылат.[2]

Прошивки устройств Kindle түзмөктөрүн прошивкалоолор ARM платформасы үчүн Linux ядросуна негизделген.[3]

Сын айтуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Amazon өзүнүн каалоосу боюнча түздөн-түз Amazonдон алган китептерди жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мисалы, Джордж Оруэллдин «Скотный двор» жана «1984» романдары жок кылынган, аларды таркатууга компаниянын укугу жок болгон (акчаны сатып алуучуларга кайрып беришкен).[4][5]

Маданиятта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Kindle гаджетинин айланысында (баарына караганда, Kindle 2) Стивен Кингдин «Ур» («Ur») аңгемесинин сюжети түзүлгөн.[6]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Kindle hacking, iPod parallels and a chat with the Kindle director. blog.seattletimes.nwsource.com. Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 21 -декабрь (бештин айы) 2010.
  2. 7 лучших электронных книг 2021 года. yavitrina.ru. Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  3. Oracle Gave Amazon a Discount on Java to Keep Android Off the Paperwhite – Wait, What?. the-digital-reader.com. Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  4. Магазин Amazon удаленно стер книги Оруэлла с Kindle. lenta.ru. Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  5. Amazon Erases Orwell Books From Kindle. nytimes.com. Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  6. Feleki D. N. Stephen King in the New Millennium: Gothic Mediations on New Writing Materialities. — Cambridge Scholars Publishing, 2018. — 255 p. — ISBN 978-1-5275-0407-3.