Apианчылык

Википедия дан
Арий.

Apианчылык - александриялык поп Арий тарабынан негизделген христиандык диний окуу. Ал (318-жыл чен) расмий түрдө чиркөө жоболоруна каршы чыккан. Кудай уулу Христос Кудай атадан жаралгандыктан, ал түбөлүктүү эмес жана акылмандуулугу боюнча Кудай атага салыштырганда экинчи даражада турат деп далилдеген. Анын тарапкерлери көп болсо да, чиркөө тарабынан көп кысымчылыкка, куугунтуктоого дуушар болгон. Ошондой болсо да Apианчылыктын дин окуусу христиан дининде (Троица) кудай ата, кудай уулу жана кудай ыйык рух, периште жөнүндөгү догматтын чыгышына алып келди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]