Arduino

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Arduino Logo.svg
Arduino Uno - R3.

Arduino - кесипкөй эмес колдонуучуларга багытталган автоматика жана робототехниканын жөнөкөй системдерин түзүүчү аппараттык-программалык соода марка. Программа бөлүгү программа жазуу, аларды компилдөө жана аппараттарды программалоо үчүн керектүү бекер программалык кабыктан турат (IDE). Аппарат бөлүгү тагылма басма платолордон куралат. Буларды расмий дагы, үчүнчү тарап өндүрүүчүлөр дагы сатышат. Системдин толугу менен ачык архитектурасы Arduino продуктуларынын ээн-эркин көчүрүүгө же катарын толуктоого жол берет.

Arduino автоматиканын автоном объектилерин түзүү үчүн колдонулат. Ошондой эле, компүтердеги программалык камсыздоого кадимки зымдуу жана зымсыз интерфейстер аркылуу кошула алышат.

2008-жылдан баштап иштеп чыгуучу компанияда бөлүнүү башталды. Мунун жыйынтыгында эки көз карандысыз өнүгүү багыты жана бир соода маркасы астында башка-башка сатыктар пайда болгон. Бул сатыктардын бири arduino.cc сайтында, экинчиси arduino.org сайтында ишке ашырылат. Эки сайтта тең кризиске чейинки өндүрүмдөр окшош аталыш менен сатылат. Сайттардагы жаңы өндүрүмдөрдүн топтому ар башкача. Сайттарда бир учурларда Arduino IDE'нин түдүү платолорду жана китепканаларды колдогон эки түрдүү салаасы болгон. Окшош аттар жана IDE нускасынын кесилишкен сандары чаташтырууларга жол ачкан. Бирок 1.8.0 нускасынан баштап (20.12.2016) сайттар IDE салааларын бириктиришкен. Бирок адатта Ардуино жөнүндө айтканда долбоордун arduino.cc сайтындагы алгачкы салаасын түшүнүшөт.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]