Мазмунга өтүү

Bенa ийрими

Википедия дан

Bенa ийрими - 20-кылымдагы философиянын негизги агымдарынын бирин неопозитивизмди, башкача айтканда логикалык позитивизмдин негиздерин иштеп чыккан философиялык ийрим. Bенa ийрими 1922-ж. Вена университетинин алдындагы философия кафедрасында австриялык физик Мориц Шлик тарабынан уюштурулган семинардын негизинде пайда болгон. В. и. «илимий философияны» өнүктүрүүнү көздөгөн бир кыйла жаш илимпоздорду бириктирген. Ийримдин ири өкүлдөрү Р. Карнап, X. Хан, О. Нейрат, Ф. Франк жана X. Рейхенбах баш болгон окумуштуулар «Дүйнөнү илимий түшүнүү. Вена ийрими» аттуу манифести жарыкка чыгарышкан. Борбордук идеясы философиялык проблемалуулукту верификация принциби менен бирдикте илим тилин логикалык талдоого алып келүү. Bенa ийрими түзүп чыккан окууну өз тарапкерлери унификацияланган илим деп аташкан. 30-жылдарда Австрияны фашисттик Германия басып алгандан кийин ишмердигин токтоткон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]