Bотум

Википедия дан

Bотум (латынча votum каалоо, эрк) – шайлоо корпусунун же өкүлчүлүк мекемесинин көпчүлүк добуш менен билдирген пикири же кабыл алган токтому. Парламенттик практикада адатта төмөнкү палата тарабынан саясий багытты, белгилүү бир акцияны, мыйзам долбоорун, өкмөттүн же айрым министрдин ишмердигин жактыруу, ага ишеним көрсөтүү дегенди билдирет. Ишеним жөнүндөгү маселени коюу демилгеси өкмөттүн өзүнө, парламенттин иш-милдеттерине же депутаттык топко тиешелүү болсо, ал бир жактуу Bотум болуп саналат. Көп жактуу Bотум айрым бир өлкөлөрдө өкүм сүргөн тартип, буга ылайык кээ бир категориядагы шайлоочулар шайлоо учурунда эки же андан көп добушка ээ болот. Кыйыр (эвентуалдык) Bотум шайлоонун пропорциялык системасынын талабына ылайык кайсы бир талапкер үчүн берилген жана шайлоо квотасынан ашып кеткен добуштар, ошондой эле партиялык тизмедеги башка бир талапкерге жазылып коюлат. Милдеттүү Bотум айрым өлкөлөрдө бийлик органдарын шайлаган учурда толук укуктуу шайлоочуларды үстөк төлөтүү коркунучу менен шайлоого катышууга жана добуш берүүгө юридикалык жактан милдеттендирүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]