Baн Говэй

Википедия дан

Baн Говэй, Ван Цзиньан (3.12.1877, Кытай, Чжецзян провинциясы, Хайнин уезди - 2.6. 1927, Пекин) кытай тарыхчысы жана филолог. 1901-жылы Шанхай Университетинин чыгыш адабияты факультетин бүтүргөн. 1916-жылдан Шанхайда чыккан «Кылым» журналынын редактору болуп иштеген. Пекин Университетинин профессору (1925жылдан). Байыркы кытай колжазмаларын изилдеген жана Кытайдын байыркы, орто кылымдардагы тарыхы, ошондой эле тарыхый булактар боюнча эмгектери жарык көргөн. Байыркы кытай эпиграфикасы боюнча мыкты адистердин бири болгон. Монголдордун тарыхын жана алардын Кытай менен алакаларын изилдеген. Түрк уруулары тууралуу жазылган байыркы кытай булактарына жана Орто Азияга келип кеткен кытай саякатчыларынын эмгектерине илимий түшүндүрмөлөр жазган. Ошондой эле кытай классикалык драмасын изилдөөгө да салым кошкон. Анын «Сун жана юань драмасынын тарыхы» аттуу эмгеги дүйнөдө классикалык кытай театрынын өнүгүүсүнүн байыркы этабын системага салып изилдеген биринчи илимий эмгек катары саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]