CEDAW комитетине альтернативдик отчетторду тапшыруу

Википедия дан

CEDAW комитетине альтернативдик отчетторду тапшыруу - бул Кыргыз Республикасындагы БӨУнын Кеңешинин БУУнун Аялдарды басмырлоону жоюу боюнча комитетине тапшырган альтернативдик отчеттор жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын БӨУ кеңешинин БУУнун аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча комитетине тапшырган альтернативдик отчету – өкмөттүн CEDAWнун жана Комитеттин корутунду сунуштарынын жоболорун жүзөгө ашыргандыгы тууралуу мезгилдик докладына БӨУ Кеңешинин атынан жазылган кошумча маалыматты камтыган документ.

КРнын Өкмөтүнүн биринчи мезгилдик докладына карата альтернативдик отчет (АО) (1998-жыл) "Аялдарды колдоо борбору" жана «Диамонд» коомдук бирикмелери тарабынан 1999-жылы декабрда даярдалып Комитетке тапшырылган[1] . Бул уюмдар International Women's Rights Action Watch (IWRAW-AP) тарабынан уюштурулган Альтернативдик отчетторду даярдоону үйрөткөн биринчи семинарда катышып, аялдардын БӨУ Конвенциянын жоболорун биргелешип аткарышы керек экендигин түшүнүшкөн. "Аялдарды колдоо борборунун" тажрыйбасынын негизинде, бир же эки уюмдан тапшырылган альтернативдик отчет кырдаалды өзгөртө албай тургандыгы маалым болгон. Ошондуктан, АОту даярдоо үчүн жарандык коомдун бир нече уюмдары биригип КРнын "БӨУ Кеңеши"[2] деген тармактык уюмду негиздешкен (юридикалык каттоодон өтпөгөн тармактык уюм, мүчөлүккө ачык).

2003-жылы бул уюмга төмөнкү БӨУдар кирген: Аялдарды Колдоо борбору, "Адилет" укуктук клиникасы, Кризистик борборлордун ассоциациясы, Репродуктивдик ден-соолук альянсы, Ишкер айымдарга колдоо көрсөтүүчү ассоциация, Гендердик изилдөөлөр борбору, "Элмурас" бирдиктүү республикалык саясий партиясы .

Иштеп баштаган мезгилден бери Кеңеш мыкты уюшулуп, сапаттуу өнүгүп келе жатат. Кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлуп, Кеңештин мүчөлөрүнө окуу тренингдери, тактап айтканда, АО жазуу боюнча үч күндүк тренингдер уюштурулуп, аларды IWRAW-AP (Малайзия) жана "НОТАБЕНЕ" коомдук фондунун (Тажикистан) өкүлдөрү болгон эларалык эксперттер өткөрүштү.

КРнын Өкмөтүнүн экинчи мезгилдик докладына (2004-жыл)[3] АОту даярдоодо, АО тапшыруу жол-жоболору боюнча, Кеңештин мүчөлөрү Комитеттин биринчи мамлекеттик доклад (1999-жыл) боюнча билдирген корутунду сунуштарынын жүзөгө ашырылгандыгын мониторингдеп, экинчи докладды талдап чыгышты. Ушул документтерди карап жатканда АОко төмөнкү маселелер боюнча толуктоолор киргизилиши керек экендиги аныкталды:

  • саясай укуктар жана коомдук турмуш;
  • аялдардын зомбулукка дуушар болушу;
  • аялдарды сатуу жана кулчулук;
  • аялдардын жерге болгон укугу;
  • качкын аялдардын укуктары;
  • аялдардын репродуктивдик укуктарын коргоо жана ВИЧ/СПИДдин гендердик аспекттери.

2004-жылдын январь айында КРнын экинчи мамлекеттик мезгилдик доклады жана Кеңештин АОту каралгандан кийин, Комитет КРнын Өкмөтүнүн доклады боюнча корутунду эскертүүлөрү менен бөлүшкөн. Тактап айтканда, КРнын Өкмөтүнө «CEDAW конвенциясынын 4-беренесинин 1-пункту боюнча убактылуу атайын чараларды кабыл алуу менен шайлануучу жана дайындалуучу бийлик органдарында аялдардын санын көбөйтүү» боюнча чара көрүү сунушталган (166-сунуш)[4] . Ушул эскертүү боюнча КРнын аялдар уюмдары аялдар үчүн убактылуу атайын чаралардын көрүлүшүн сүрөмөлөшкөн. Натыйжада, КРнын "Кыргыз Республикадагы шайлоолор жөнүндө" кодексинин жаңы редакциясына 72-берене киргизилип, ага ылайык талапкерлердин тизмесин түзүп жатканда саясий партиялар бир жыныстын өкүлдөрүнүн саны 70%, ал эми кезектешүүдөгү айырманы үч позициядан ашырбашы керек[5].

Кеңештин үчүнчү жана төртүнчү АОтору Комитетке 2008- жана 2015-жылдарда тапшырылган. КРнын БӨУ Кеңешинин альтернативдик отчетторун тапшыруунун ийгиликтүү натыйжаларынын бири - КРнын Жазык кодексинин 154-, 155-беренелерине кыз ала качууга байланыштуу өзгөртүүлөр менен толуктоолордун киргизилиши болду. Кыргызстандагы кыз ала качуу көрүнүшү тууралуу маалымат АОто биринчи жолу 2004-жылы чагылдырылган: отчетто кыз ала качуу боюнча так жана даана статистикалык маалымат келтирилген. Ушундан улам, CEDAW Комитети КРнын Өкмөтүнүн доклады (2004-жыл) боюнча корутунду эскертүүлөрүндө «кыз ала качуу жосунун жазалаган мыйзамдардын жүзөгө ашырылышын камсыз кылган чараларды токтоосуз аткаруу керек» деп сунуштаган (170-сунуш)[6] .

Ошол эле учурда, КРнын Өкмөтүнүн үчүнчү мезгилдик докладында (2007-жыл) 170-сунуш боюнча маалыматтык-үгүттөчүлүк иш жүргүзүлдү деп баяндалып, бирок мыйзамдарды (КРнын ЖКнин 154-, 155-беренелери) өзгөртүү тууралуу эч нерсе деп айтылбайт. Кеңештин Альтернативдик отчетунда учурдагы юридикалык базага карабастан, мамлекет иш жүзүндө кыз ала качуу көйгөйүнө кылмыш иши катары карабай көз жаздымды калтырат деп эскертилген. Андыктан CEDAW Комитетинин жыйынтыктоочу сунуштарында (2008-жыл) «Комитетти кыз ала качуу жосуну тынчсыздандырбай койбойт, бирок мыйзам тарабынан мындай көрүнүшкө катуу тыюу салынгандыгына карабастан, бул көйгөй мурунку жыйынтыктоочу эскертүүлөрдө да көтөрүлгөн...»[7] деп айтылат.

Айрым депутаттардын, жарандык коомдун активисттеринин жана ЖМКнын «Быйылкы жазда АЛАР жок» акциясында жана «155» улуттук кампаниясында жигердүү катышуусу менен, кыз ала качуу жосунун жазалоону күчөтүү чечимдери кабыл алынган. Натыйжада, 2013-жылы КРнын ЖКнин 154-, 155-беренелерине кыз ала качуу жосунун жазалоону күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген.

КРнын Өкмөтүнүн доклады боюнча Альтернативдик/көмүскө отчетту даярдап, CEDAW Комитетине тапшыруу менен, БӨУдар КРнын аялдарынын абалын жакшырта алышат.


Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Аялдарды басмырлоону жоюу боюнча комитет / БУУнун Жогорку Комиссарынын башкармалыгы [Электрондук ресурс]: URL: http://www.ohchr.org/RU/..../cedawindex.aspx(жеткиликсиз шилтеме)
  2. Аялдарга жардам берүү борбору [Электрондук ресурс]
  3. Кыргызстандын гендердик энциклопедиясы


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

URL: http://www.wsc.kg Archived 2016-05-07 at the Wayback Machine
  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 26 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 26 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 18 -март (жалган куран) 2016.
  3. Биринчи альтернативдик отчетту жана кийинки АОторду Аялдарды колдоо борборунун сайтынан караңыз, URL: http://www.wsc.kg/31 Archived 2016-03-18 at the Wayback Machine
  4. Интернет-сайт www.wsc.kg
  5. Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча комитет. Отузунчу сессия (2004-жыл 12-30-январь). – С. 39 [Электрондук ресурс]: URL: http://tbinternet.ohchr.org/_layouts/treatybodyexternal/(жеткиликсиз шилтеме)... (PartI)&Lang=ru
  6. Учурда 2011-жылдын 2-июлундагы КРнын "КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" №68 мыйзамынын 60-беренеси боюнча.
  7. Аялдарды басмырлоонун бардык формасын жоюу боюнча комитеттин доклады... - 41-бет.