Cardano

Википедия дан

Cardano — IOHK компаниясы жана Чарльз Хоскинсон түзгөн смарт-контракттар үчүн блокчейн платформасы.[1][2]

Платформа 2015-жылы иштелип баштаган жана 2017-жылы ишке киргизилген.[3] Ички криптовалюта Cardano 2017-жылы 600 миллион долларлык рыноктук капиталдаштыруу менен биринчи жолу чыккан, 2021-жылдын апрелинде криптовалютасын капиталдаштыруу 39,8 миллиард долларды түзгөн.[4] Кардано дүйнөдөгү капиталдаштыруунун эң ири он криптовалютасынын бири.[5]

Cardano криптовалютасы Ада Лавлейстин атынан ADA деп аталып, платформа италиялык математик, инженер, философ, дарыгер жана астролог Героламо Карданонун ысымы менен аталып калган.[6]

Cardano платформасы Cardano Settlement Layer (CSL) деп аталган өзүнүн блокчейнин колдонот.[7] Платформа каалоосу боюнча блокчейнге шифрленген метаберилмелерди камтышы мүмкүн, ал криптовалюта ээлеринин купуялуулугун жетиштүү деңгээлде сактап, мамлекеттик жөнгө салуучулар менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.[8][9]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Why Cardano. why.cardano.org. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2021.
  2. Bitcoin’s Smaller Cousins Are Leading the Crypto Rally. bloomberg.com. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2021.
  3. The cryptocurrency disrupted by science. dailydot.com. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2021.
  4. Cyber Currency Guide. comparebrokers.co. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2021.
  5. Top 10 Cryptocurrencies In June 2021. forbes.com. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2021.
  6. What is Ada?. cardano.org. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2021.
  7. What’s behind the meteoric rise in obscure cryptocurrency Cardano?. moneyweek.com. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2021.
  8. Startups push blockchain beyond cryptocurrency. asia.nikkei.com. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2021.
  9. Cardano: a rising cryptocurrency that wants to change the world. mashable.com. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2021.