Counter-Strike

Википедия дан

Counter-Strike (CS) — көп оюнчуга негизделген, биринчи киши аткан видео оюндар. Анда террорчулар тобу менен террорчуларга каршы топ тиешелүүлүгүнө жараша террордук акт (бомбалоо, туткунга алуу) жасаш үчүн жана аны алдын алыш (бомбаны зыянсыздаштыруу, туткунду куткаруу) үчүн согушушат. Cериялар Windows'то 1999-жылы Counter-Strike'тын биринчи версиясы менен башталган. Ал башында Half-Life оюну үчүн өзгөртүү катары жарыкка чыгып, Мин "Gooseman" Ле жана Жесс "Cliffe" Клифф тарабынан жасалган. Андан кийин оюндун интеллектуалдык менчик укуктарын Half-Life'тын иштеп чыгуучулары болгон Valve Corporation сатып алган.

Оюндун артынан Counter-Strike: Condition Zero жарыкка чыккан. Ал 2004-жылы Turtle Rock Studios тарабынан иштелип чыккан. Ошол эле жылы кийинчерээк Valve тарабынан Counter-Strike: Source чыгарылган. Counter-Strike: Condition Zero'дон кийин сегиз ай өткөн соң 2004-жылдын ноябрында жарык көргөн оюн түп нуска Counter-Strike'тын ремейки жана Valve'дын жаңы эле жасалган Source кыймылдаткычында иштеген сериядагы биринчи оюн болуп калган. Негизги сериядагы Valve тарабынан иштелип чыккан төртүнчү оюн Counter-Strike: Global Offensive Windows, OS X, Xbox 360 жана PlayStation 3 үчүн 2012-жылы жарык көргөн. Ошондой эле Counter-Strike: Source'тун жарык көргөндөн кийинки өндүрүшүнүн үстүнөн иштеген Hidden Path Entertainment компаниясы оюнду өнүктүрүү боюнча Valve'га көмөк көрсөткөн. Ар кайсы жылдарда коомчулук тарабынан жасалган "спин оффтору (бутактама)" чыккан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]