Free Software Foundation

Википедия дан

Free Software Foundation (FSF) — Ричард Столлман тарабынан 1985-жылы 4-октябрда эркин программа кыймылын колдоо үчүн негизделген 501(c)(3), коммерциялык эмес уюм. Ал компүтердик программаны окуп-изилдөө, бөлүштүрүү, жаратуу жана өзгөртүү боюнча универсалдык эркиндикке үндөйт. Уюм программалык камсыздоону өзүнүн GNU General Public License'те болгон сыяктуу копилефт ("окшош бөлүшүү") шарттарынын негизинде бөлүштүрүүнү сунуштайт. FSF АКШнын Массачусетс жергесинде негизделип, мыйзамдуу түрдө катталган.

Түптөлгөндөн тарта 1990-жылдарга чейин FSF каражаттарынын көбүн GNU долбоору үчүн эркин программалык камсыздоону жазган программа иштеп чыгуучуларга жумшаган. 1990-жылдардын ортосунан баштап FSF'тин кызматкерлери менен ыктыярчылары негизинен эркин программа кыймылынын жана эркин программалык жамаатынын мыйзамдуу жана түзүмдүк маселелери боюнча иштеген.

Өз максаттарына ылайык FSF өзүнүн компүтерлеринде дагы эркин программалык камсыздоону пайдаланууну көздөйт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]