GitHub

Википедия дан
осмимышык.

GitHub - IT-долбоорлор жана аларды биргелешип иштеп чыгуу үчүн ири интернет хостинг кызматы. Git версияларынын көзөмөл системинин негизинде Ruby on Rails жана Erlang'де GitHub, Inc (мурда Logical Awesome) компаниясы тарабынан иштелип чыккан.

Кызмат ачык баштапкы коддуу бардык долбоорлор үчүн бүт бойдон бекер жана аларга бардык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт (алардын ичинде SSL дагы). Жеке долбоорлор үчүн төлөмдүү ар кандай тарифтик пландар сунушталат.

Кызматтын ураанын - «Social Coding» - кыргыз тилине «Коомдук код жазуу» деп которсо болот. Футболкаларга болсо, такыр башкача жазышат: «Fork you!» ("Тармактангын!"). Бир жагынан бул англис тилиндеги тилдеген сөзгө үндөшүп, формалдуу эмес чөйрөгө ишара кылганга окшойт. Экинчи жагынан бул сөздөр Git менен жаңы форкторду оңой эле түзүүгө болорун эске салат — адатта ачык баштапкы коддуу долбоорлорду иштеп чыгуучулар "бутактарды" түзүүгө негативдүү карашат — жана ошондой эле, Github'дын мүмкүнчүлүктөрүнүн бири - форктор кезеги менен үндөш.

GitHub'дын тумары болуп осмимышык (англ. octocat) тандалган. Мунун көпчүлүк ойлогондой «Octocat Adventure» кыска метраждык тасмасына тиешеси жок: аны Том Престон-Вернер жөн гана iStock Photo'дон таап алган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]