Google издөө

Википедия дан

Google издөө (англ. Google Search) -- адатта, Google желе издөө же жөн гана Google деп аталган, Google компаниясы тарабынан иштелип чыккан желеде издөө кыймылдаткычы. Ал дүйнөлүк желеде эң көп колдонулган издөө шайманы. Анда күнүнө үч миллиарддан ашуун издөө жасалат. 2016-жылдын февраль айына карата, ал 64.0% базар үлүшү менен АКШда эң көп колдонулган издөө каражаты.

Google'дагы издөө жыйынтыктары белгилүү бир деңгээлде "PageRank" деп аталган артыкчылык даражасына негизделет. Google ар кандай жөндөлгөн издөө мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт. Алар: айтылыштар операторлору ("-xx"), альтернативалар ("xx же yy же zz"), ошондой эле жапайы карталар ("Winston * Churchill" мындай жыйынтык алып келет: "Winston Churchill", "Winston Spencer Churchill"). Ушул жана башка параметрлер Кеңейтилген издөө барагында ар кандай жолдор менен көрсөтүлүшү мүмкүн.

Google издөөнүн башкы максаты -- сүрөт же болбосо маалымат базаларындагы маалыматтарды алып бергенге караганда веб серверлер тарабынан сунушталган жалпыга жеткиликтүү документтердин ичиндеги текстти издөө болуп саналат. Ал алгач 1997-жылы Ларри Пэйж жана Сергей Брин тарабынан иштелип чыккан. Google издөө сөздөрү издөөдөн тышкары бир нече мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат. Ага синонимдер, аба ырайы, убакыт аймактары, биржа баалары, карталар, жер титирөө маалыматтары, кино убакыт сааты, аэропорттор, үй тизмеси жана спорттук упайлар кирет. Сандар, даталар үчүн атайын өзгөчөлүктөр бар. Аларга аралык, баа, температура, акча жана өлчөө бирдиктерин оодаруу, эсептөөлөр, пакет байкооч, патенттер, индекстер жана тил котормолору кирет. 2011-жылы июнда Google терилген текстти эмес, айтылган сөздү издей турган "Google үн издөөнү" ишке киргизген. 2012-жылдын май айында Google АКШда Knowledge Graph аттуу семантикалык издөө өзгөчөлүгүн тааныштырган.

Изделген терминдердин жыштыгын талдоо экономикалык, коомдук жана саламаттык сактоо багыттарын аныкташы мүмкүн. Google'дагы изделген терминдердин колдонуу жыштыгы жөнүндөгү маалыматтарды ачык эле Google тренддер аркылуу алганга болот. Ошондой эле алар сасык тумоого жана жумушсуздук деңгээлине шайкеш келтирилип көрсөтүлөт. Ал эми салттуу маалымдоо ыкмалары менен сурамжылоого салыштырмалуу жыйынтыктары ылдамыраак берет. 2016-жылдын ортосундагы маалыматтарга карата, Google'дун издөө шайманы ушул терең нейрон тармактарына таяна баштаган.

2016-жылы октябрда Google'дун вебмастер тренддер аналитиги Гари Илйес мобилдик түзмөктөргө арналган жаңы, башкы желе индекси, ал эми иш такта компүтерлери үчүн анча деле заманбап эмес индекс кабыл алынат деп билдирген. Бул өзгөртүү бара-бара мобилдик түзмөктөрдүн өсүшүнө карата бир жооп болуп калган. Ал эми иштеп чыгуучуларга мобилдик түзмөктөргө ыңгайлуу нусканы иштеп чыгууга түрткү берилген. Илейс бул өзгөртүү "бир нече айдан" кийин ишке ашат деп билдирген.

Google'дун атаандаштары Кытайда Baidu жана Soso.com; Түштүк Кореяда Naver.com жана Daum.net; Орусияда Yandex; Чехияда Seznam.cz; Жапонияда, Тайванда жана ошондой эле АКШда Yahoo Bing менен DuckDuckGo. Кээ бир кичинекей издөө шаймандары Google'да жеткиликтүү болбогон каражаттарды сунуштайт. Мисалы, эч кандай жеке же көзөмөлдөө маалыматтарын сактабайт; ушундай издегич Ixquick болуп саналат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]