Google Play Китептер

Википедия дан

Google Play Китептер (англ. Google Play Books) — Google тарабынан башкарылуучу электрондук китепти санарип бөлүштүрүү кызматы. Колдонуучулар беш миллиондон ашуун китеп сунуштаган Google Play'ден электрондук китептерди сатып алып жүктөй алышат. Google аны "дүйнөдөгү эң ири электрондук китеп жыйнагы" деп келет. Китептерди Google Play вебсайтындагы атайын Китептер бөлүмүнөн окуганга болот. Алар Android жана iOS мобилдик колдонмолору, Adobe Digital Editions үчүн колдоого алынган эридерлер (электрондук китептерди окугучтар) жана Google Chrome веб браузер колдонмосу аркылуу жеткиликтүү. Ошондой эле, колдонуучулар PDF же EPUB файл форматтарында 1000ге чейин электрондук китептерди жүктөй алышат. Google Play китептер 75 өлкөдө жеткиликтүү.

Google Play китептер 2010-жылы декабрда колдонууга берилген. Ортомчу программалар көз карандысыз китеп сатуучуларга Google электрондук китептерин өз вебсайттарында арзандатып сатууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Ошондой эле, анда 2011-жылдын июнунда бириктирилген программа ишке киргизилген. Ал вебсайт ээлерине сатууларды ошол кездеги Google eBookstore'го багыттаганы үчүн комиссиядан акча табуу мүмкүнчүлүгүн берген. Бирок ал ортомчу программа 2012-жылдын апрелинде жоюлган. Анда Google "биз күткөн өзүнө тартууну ала алган жокпуз, ал көптөгөн окурмандардын же китеп сатуучулардын муктаждыгын канааттандырган жок" деп билдирген. Бириктирилген программа 2012-жылы февралда жаңы катталгандар үчүн жабылып, Google жарыялагандай, ал демилге басаңдап, жеке жана чакыруу менен гана пайдалылган кызматка айланган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]