IC Markets

Википедия дан

IC Markets бул австралиялык биржалык брокердик компаниясы. IC Markets Азия, Латын Америкасындагы, Орто Чыгыш өлкөлөрүндөгү, Австралиянын жана Европадагы форекс, индекстер, сырьелук товарлар, баалуу кагаздар рынокторундагы жана фонддук биржадагы айырмага болгон контракттар боюнча адистешет.[1] Компаниянын башкы кеңсеси Сиднейде, Австралияда жайгашкан.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

IC Marketsти 2007-жылы Эндрю Будзински негиздеген.

2009-жылы Австралиянын Баалуу кагаздар жана инвестициялар боюнча комиссиясы IC Marketsге  335692 номериндеги лицензияны берген.

2015-жылы IC Markets 2015-жылдын 15-январындагы швецария франкынын кескин кыйрашынан кийин терс балансты жаба тургандыгын жарыялаган.[2]

2017-жылы IC Markets өзүнүн валюталар диапазонунда 4 криптовалютаны сунуш кылды.[3]

Компания 2018-жылдын октябрында кипр лицензиясын алгандыгы жөнүндө жарялады.[4]

2019-жылдын декабрында генералдык директор болуп Ник Твидалл дайындалды.

Операциялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

IC Markets иши ЕБде CySEC тарабынан, Сейшелыда Финансылык көзөмөл кызматы жана Австралияда Баалуу кагаздар жана инвестициялар боюнча Австралия комиссиясы тарабынан жөнгө салынат.[5][6]

IC Markets MetaTrader 4 жана 5ти, Ctraderди сунуш кылат жана компьютерде, мобилдик түзмөктөрдө интернет аркылуу иштөөчү аспаптарды колдойт.

IC Markets CFD ди  Bitcoinге, Bitcoin Cashке, Ethereumге, Dashка, Litecoinге, Rippleге, EOSго, Emercoinго, Namecoinго жана PeerCoinге сунуш кылат.[7]

IC Markets тарабынан камтылган фонддук индекстер кийинкилерди камтыйт: S&P 500, Доу-Джонс индекси өнөр жай компанияларынын акциялары үчүн, FTSE индекси жана  австралия индекси S&P 200.[8][9]

IC Markets кийинки товарлар үчүн CFD сунуш кылат: баалуу металлдар, айыл чарба чийки зат товарлары жана энергия ресурстары, анын ичинде WTI сортунун чийки мунайы, Брент жана жаратылыш газы.[10][11]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. IC Markets Becomes Latest Broker to Brace for Potential Brexit Impact. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.
  2. IC Markets Covering 90% of Client Negative Losses from Swiss Franc Volatility. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.
  3. Australia Retail FX broker IC Markets reports record volumes of $343 billion for August. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.
  4. IC Markets Obtains CySEC License, Opens Cyprus Office. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.
  5. Australian broker IC Markets acquires CySEC license. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.
  6. CySEC IC Markets (EU) Ltd. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.
  7. IC Markets To Embrace Cryptocurrency Trading, Adds Bitcoin. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.
  8. Best S&P 500 Brokers Guide. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.
  9. IC Markets. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 6 -август (баш оона) 2021.
  10. Public Finance International - IC Markets Review. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.
  11. R4i CFD IC Markets. Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2021.