Intel

Википедия дан
Intel

IntelАКШнын Калифорния штатында жайгашкан дүйнөдөгү микропроцессорлор жана жарым өткөргүчтөрдү өндүргөн эң чоң ишканалардын бири.

Санта-Клара шаарындагы үйлөр.

Ал интегралдык схемаларды (Integrated electronics) иштеп чыгат. Дүйнөдө биринчи болуп көлөмү 1 бит болгон динамикалык эске ээ кристалл иштеп чыккан жана микропроцессор жасаган. «Интел» сырты металл, карапа, гелий кабыкчасы менен капталган, ошондой эле энергияны аз сарптоочу 3 вольттуу интегралдык схемаларды чыгарат. Компьютер бөлүктөрүн туташтыруу үчүн «Интел» тез ылдамдыктагы жолчолорду сунуш кылуучу, өзөгү өзүнүн микропроцессору болгон даяр системалык такталарды иштеп чыгат. IBM PC сыйымдуу компьютерлеринде негизинен «Интел» фирмасынын микропроцессорлору: Intel 8088, 80286, 80286 (SX, DX модификациялары), 80486 (SX SX2, DX, DX2 жана DX4 модификациялары), Pentium, Pentium Pro улам жаңы номерлер менен чыгарылат. «Интел» үстөлгө коюлуучу жана мобилдүү (чөнтөк) жеке компьютерди, серверлерди жана жумушчу станцияларды, процессор, системалуу плата, телекоммуникациялык жана микросхемалардын эсептөөчү виброторун (дирилдегич), тиричилик электроникасын, оптикалык системалар үчүн жабдыктар (продукция) жана башкалар чыгарат. «Интелдин» дүйнө боюнча 200дөн ашык бөлүмдөрү бар. Коалицияда 90 миң адам иштейт, ал эми анын базар баасы 150 млрд доллар (2004).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ISBN 9967-14-014-3, 2004-ж.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5