JavaScript

Wikipedia дан

JavaScript (/ dʒɑːvɑːˌskrɪpt /; аббр. JS /dʒeɪ.ɛs./) - көп парадигмалуу программалоо тили. Объектиге багытталган, императивдүү жана функциялык стилдерди колдойт. ECMAScript тилинин (ECMA-262-стандарты) ишке ашырылышы болуп саналат.

JavaScript адатта колдонмолордун объектилерине программалык жеткилик алуу үчүн кыналган тил катары колдонулат. Эң көп браузерлерде веб-баракчаларга интерактивдүүлүк берүүчү сценарий тили катары пайдаланылат.

Негизги архитектуралык өзгөчөлүктөрү: динамикалык типтештирүү, алсыз типтештирүү, автоматтык эс башкаруу, прототиптик программалоо, функциялар биринчи класстын объектилери катары.

JavaScript көптөгөн тилдерге таасир эткен. Иштеп чыгууда максат Java'га окшош, бирок программист эместер оңой колдончу тил жасоо болгон. JavaScript тили эч кайсы компанияга же уюмга тиешелүү эмес. Бул жагынан ал веб-иштеп чыгууларда колдонулган бир катар программалоо тилдеринен айырмаланат.

"JavaScript" аталышы Oracle Corporation компаниясына катталган товар белгиси болуп саналат.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Тилдин мүмкүнчүлүктөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

JavaScript объектиге багытталган тил болуп саналат, бирок тилде колдонулган прототиптөөдөн улам объектилер менен иштөөдө класска багытталган салтуу тилдерден айырмалар бар. Мындан тышкары, JavaScript'тин функциялык тилдерге мүнөздүү бир катар касиеттери бар - мисалы, функциялар биринчи класстын объектилери катары, объекттер тизме катары, карринг, жашыруун функциялар, тилге кошумча ийкемдүүлүк берген - бириктирүү.

JavaScript'тин C менен синтаксистик окшоштуктары болсо да, андан түп-тамыры менен айырмаланган жактары бар:

  • өзүнө-өзү байкоо жүргүзүүчү объектилер;
  • функциялар биринчи класстын объектилери катары;
  • типтерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү;
  • таштандыларды автоматтык түрдө чогултуу;
  • жашыруун функциялар.

Тилде төмөнкү пайдалуу нерселер жок[оңдоо | булагын оңдоо]

  • модулдук систем: JavaScript көрүү аймагынын көз карандылыгын жана обочолугун башкарууга жол бербейт;
  • стандарт китепкана: атап айтканда, файл системи менен иштөө боюнча колдонмолорду программалоо, киргизүү-чыгаруу агымдарын башкаруу, бинардык берилиштер үчүн базалык типтерди башкаруу интерфейси жок.
  • веб-кызмат жана берилиштер базасы үчүн стандарт интерфейстер;
  • көз карандылыктарды байкап, автоматтык түрдө орнотуп турчу пакеттерди башкаруу системи.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]