LG V10

Википедия дан

LG Electronics компаниясы - (LG V10) телефонун сатыка чыгарды. Бекем материалдардан мыкты стилде жасалып, көптөгөн мультимедиялык функцияларга ээ LG V10 смартфону буга чейинки смартфондорго болгон көз карашты өзгөртөт.

Негизги мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чипсет: 6 ядролуу
  • процессор 1,5 ГГц QualcommSnapdragon 615
  • Дисплей:негизги - 5.7 дюймдуу QHD IPS Quantum (дюймда 2560 x 1440 / 513 чекит), экинчиси - 2,09 дюймдуу IPS Quantum (дюймда 160 x 1040 / 513 чекит)
  • Камера: негизги 16 МП F8 / OIS 2.0 апертурасы менен, фронталдуу 5 МП, 2.0 апертурасы менен.
  • Аккумулятор: 3000 мАч, чыгарып алуучу
  • Эс тутум: 1,5Гб/8Гб/microSD
  • Операциялык систем: Android 5.1.1 Lollipop
  • Өлчөм: 159.6 x 79.3 x 8.6 мм
  • Салмак: 192 грамм
  • Түйүн: LTE-A Cat.4
  • Түс: кара
  • Кошулуу мүмкүнчүлүгү: Wi-Fi11 b, g, n / Bluetooth®4.1 / NFC / USB 2.0

Телефон жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаңы аппарат эки фронталдуу камерасы, видео тартуудагы кол менен түзүмдөөчү режими жана мультимедиялык контенттерди, мунун ичинде социалдык түйүндөрдү көрүүнү максималдуу түрдө жөнөкөйлөштүрүүчү көптөгөн функциялары менен өзгөчөлөнөт. Эки SIM-картага ылайыкталган. Смартфондо 5 мегапикселдүү эки фронталдуу камера да бар, мунун бири 120 градустагы кенен линза менен жабдылган. Стандарттуу камера сүрөттү кеспестен ири планда мыкты селфи жасоого мүмкүндүк берет. Экинчи камера топтолгон адамдарды же масштабдуу панораманы тартууда бир дагы маанилүү деталды өткөрүп жибербөөгө жардамдашат. Ушундай уникалдуу өзгөчөлүктүн жардамы менен сүрөттөр сапатын жоготпой мыкты тартылат. V10 - бул видео тартуусу кол менен түзүмдөлүүчү жана видеону оңдоп-түзөө үчүн жаңы опцияларды камтыган LG`нин биринчи смартфону. "Видео тартууну кол менен түзүмдөө" видео тартылып жаткан учурда жарыкты жөнгө салууга, балансты жана фокусту кармоого мүмкүндүк берет. Видеону 3 форматта: HD, FHD, UND тартууга болот.

Жаңы мүмкүнчүлүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

LG V10 үч микрофонду колдонуу мүмкүнчүлүгү бар абдан сезгич үн жаздыруу системине ээ. Шамалдын үнүнө каршы атайын фильтр үндү тунук жаздырууга жана видеодогу үндү керектүү нормада түзүмдөөгө жардамдашат. LG V10 мобилдүү аппаратка биринчи жолу колдонулган ESS Technology компаниясынын Hi-Fi cанарип-аналогдук системи (32 битт) аркылуу музыканы жогорку сапатта угарманга тартуулайт. Жаңы смартфондон сиз музыканы flac жана wav форматында да уга аласыз. Музыканы онлайн угуп жатсаңыз да атайын технологиянын жардамында ар бир музыкалык аспаптын үнү так жана тунук угулат. Манжалар менен кулпулоо функциясына ылайык смартфондогу маалыматтар максималдуу түрдө корголот. Ал эми ылдам кубаттоо опциясынын жардамы менен аккумулятор 28 мүнөттө 50 пайызга кубаттанат. Толук кубаттоого 85 мүнөт керектелет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда LG V10 сатыкта "Планета GSM" Archived 2021-12-20 at the Wayback Machine