LOL

Википедия дан

Ушундай фотолор дагын "Лол" - деп аталат Лол (LOL) – («англ. laughing out loud») деген сөздөрдүн кыскартылып айтылышы, кыргызчага которгондо «каткыруу» же «үндү бийик чыгарып күлүү» деген маанини берет.бул акыркы учурда интернет же уюлдук телефон аркылуу кат алышууларда кеӊири колдонула баштаган сөз.Демек, LOL кат алышууда адамдын эмоциясын чагылдыруучу сөз деп айтууга болот. Башкача айтканда, кимдир бирөө сизге кат жазып, анда LOL деген сөздү колдонгон болсо, анда кат жазган адам каткырып жатат деп түшүнүӊүз. Баса, LOL сөзү англис тилинин айтылуу Чоӊ Оксфорд сөздүгүнө жаӊы сөз катары киргизилген.