Мазмунга өтүү

Mусабек Эраалы уулу

Википедия — ачык энциклопедия

Эраалы уулу Мусабек - Өлкөбүздүн түштүк аймагында жайгашкан Чаткал районунан чыккан райондогу элдин жашоосуна кам көргөн элине күйгөн жерин сүйгөн Эраалы уулу Мусабек Ак-Таш айылында саруу уруусунда, бийдин үй-бүлөсүндө (болжол менен 1870-1875-жылы ) жарык дүйнөгө келген.

1900-жылдардан баштап Чаткал өрөөнүнүн келечеги үчүн күрөшүп чачкын, жакыр жашаган элдердин көйгөйүн чече баштаган. Элдердин колдоосуна татыктуу болуп, 1910-жылы Мусабек Болуш болуп шайланган.

1923-26-жылдардагы көчмөн жана жарымкөчмөн элдерди, жерге орноштуруу боюнча реформа жүргүзүлүп, чачкын жашаган кыргыз уруулардын саны, жашаган жерлери тактоого алынган. Ошол жылдары Чаткал волостун жердеген уруулар да чачкын, ар кайсы өрөөн, сайда жашагандыгы белгилүү болгон. Бул чачкын жашаган элдерди бир жерге көчүрүп келип отурукташтырууда чоң салымын кошкон.

1929-жылдары Чаткал аймагында Ак-Суу, Төрөтал, Кара-Терек, Чанач, Чукурчак, Жардыжалчы, Эмгек-Курал, Ворошилов, Тулпар, Коргон-Төбө, Сталин, Кызыл-Эмгек, Маданият, Күрүч-Коргон, Дилдетапкан, ТОЗдорун уюштурууда көмөктөшкөн.

1929-жылдары кулакка тартылып, Ош абагына камалган.

1930-жылы бул дүйнө менен коштошкон. Сөөгү Сулайман-Тоого коюлган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6