MEDLINE

Википедия дан

MEDLINE (Медициналык анализдөө жана издөө онлайн системасы же MEDLARS Online) – бул өмүр, жашоого байланыштуу илимдердин жана биомедициналык информация жөнүндө маалыматтардын библиографиялык базасы. Ал өзүнө медицинага, медайымдык иштерге, дары-дармекке, тиш ооруларына, ветеринардык медицинага жана саламаттыкты сактоого арналган макалалар үчүн библиографиялык маалыматтарды камтыйт. MEDLINE ошондой эле биология жана биохимия боюнча адабияттардын көп бөлүгүн, жана молекулярдык эволюция сыяктуу тармактарды да өз ичине киргизет.

MEDLINE – Кошмо Штаттардын Улуттук медициналык китепканасы (NLM) тарабынан түзүлүп, интернетте эркин жеткиликтүү жана Entrez системасы аркылуу PubMed жана NLM (Биотехникалык маалыматтардын улуттук борбору) менен издесе да болот.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

MEDLARS (медициналык адабиятты анализдөө жана издөөнүн системасы) компьютерлешкен биомедициналык библиографиялык издөө системасы. Ал Улуттук медициналык китепкана аркылуу 1964-жылы чыгарылган жана жалпы коомчулук үчүн жеткиликтүү биринчи ири масштабдуу, компьютер негизинде, ретроспективдүү издөө кызматы болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]