MySQL

Википедия дан

MySQL (ЭФА: [maɪ ˌɛskjuːɛl]) - берилиштер базасын башкаруунун эркин мамилелик системи. MySQL'ди иштеп чыгуу жана колдоону мурда MySQL AB швед компаниясын алган Sun Microsystems'ти сиңирип алып, бул соода маркасына укук алган Oracle корпорациясы ишке ашырат. Продукт GNU General Public License катары, ошондой эле жеке комерциялык тастыктама менен тарайт. Мындан тышкары иштеп чыгуучулар тастыкталган колдонуучулардын тапшырыгы менен функциялуулук түзүшөт. Ушул сындуу тапшырыктардын арты менен эң алгачкы версияларда репликация механизми пайда болгон.

MySQL чакан жана орто колдонмолор үчүн чечим болуп эсептелет. WAMP, AppServ, LAMP серверлеринин жана Денвер, XAMPP, VertrigoServ серверлеринин портатив чогултмаларынын курамына кирет. MySQL адатта, жергиликтүү же алыскы кардарлар кайрылган сервер катары колдонулат. Бирок дистрибутивге ички сервердин китепканасы кирет. Бул MySQL'ди автоном программаларга иштетүүгө жол берет.

MySQL берилиштер базасын башкаруу системинин (БББС) ийкемдүүлүгү жадыбалдардын көптөгөн тибин колдоо аркылуу камсыз кылынат: колдонуучулар толук текст издөөнү колдогон MyISAM тибиндеги жадыбалдарды дагы, өзүнчө жазуулар деңгээлиндеги транзакцияларды колдогон InnoDB жадыбалдарын дагы тандай алышат. Мындан тышкары, MySQL БББС жаңы типтеги жадыбал түзүү принциптерин көрсөткөн EXAMPLE атайын жадыбалдар тиби менен тапшырылат. Ачык архитектура жана GPL-тастыктаманын жардамы менен MySQL БББСда дайыма жаңы типтеги жадыбалдар чыгып турат.

2008-жылдын 26-февралында Sun Microsystems MySQL AB'ни 1 миллиард долларга сатып алган. 2010-жылы 27-январда Sun Microsystems'ти Oracle 7,4 миллиард долларга алып, MySQL'ди өзүнүн БББСнын катарына кошкон.

MySQL иштеп чыгуучулар коомчулугу коддун Drizzle, OurDelta, Percona Server жана MariaDB сыяктуу салааларын түзүшкөн. Бул салаалар Sun'ды Oracle корпорациясы сиңирип алганга чейин бар болчу.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]