Netflix

Википедия дан

Netflix — Рид Хастиңс жана Марк Рандолф тарабынан 1997-жылы 29-августта Калифорниянын Скоттс Валли жергесинде негизделген Американын көңүл ачуу компаниясы. Ал медиа агымын, ошондой эле талапка жараша онлайн жана почта аркылуу DVD видеолорду камсыздап, ошол жатта адистешет. 2013-жылы Netflix тасма жана телесериал өндүрүү, ошондой эле интернет аркылуу бөлүштүрүү боюнча кулач жайган. 2017-жылга карата, компаниянын башкы штабы Калифорниянын Лос Гатос жергесинде жайгашкан.

Хастиңс Netflix'ти негиздегенден бир жыл өткөндөн кийин DVD сатууну жокко чыгарган болсо да Netflix'тин алгачкы ишкердик модели DVD сатууну жана ижарага берүүнү камтыган. Ал өзү компанияны почта аркылуу DVD ижарага берүү боюнча ишкердикке басым жасаш үчүн түптөгөн. 2007-жылы Netflix DVD жана Blu-ray ижара кызматын сактап калуу менен бирге эле медиа агымын киргизүү менен өз ишин баштаган. Компания 2010-жылы агымды Канадада жеткиликтүү кылуу менен эл аралык деңгээлде кулач жая баштаган. Өзүнүн агым кызматын ошол жерден өстүрүүнү уланткан; 2016-жылдын январына чейин Netflix кызматы 190дон ашуун өлкөдө иштеп калган.

Netflix мазмун өндүрүү өнөр жайына 2013-жылы кирип, өзүнүн биринчи House of Cards (Картадан жасалган үй) сериалы менен дебют жасаган. Ал ошондон бери тасма дагы, телесериал дагы өндүрүү боюнча кеңейип, өзүнүн онлайн тасма жана телесериал китепканасы аркылуу "Netflix Original" мазмунун сунуш кылып келет. Netflix башка тармактык же кабелдик каналдарга караганда, 2016-жылы болжол менен 126 өздүк телесериал же тасма чыгарган.

2017-жылдын июлуна карата, Netflix дүйнө жүзү боюнча 103.95 миллион абонентке ээ, анын ичинде 51.92 миллиону АКШда.

2022-жылы Орусиянын Украинага басып киришинен кийин, 2022-жылдын 4-мартында Netflix Орусиядан келечектеги бардык долбоорлорду жана сатып алууларды токтотконун жарыялады[1] Эки күндөн кийин 2022-жылдын 6-мартында Netflix Орусиядагы кызматын токтоторун жарыялады.[2]

Актер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Winter on Fire: Ukraine's Fight for Freedom (2015)[3]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Netflix pauses future projects in Russia (en) (2 March 2022). Архивировано из первоисточника 8 -июнь (кулжа) 2022. Текшерилген күнү 7 -март (жалган куран) 2022.
  2. Lang, Brent. Netflix Suspends Service in Russia Amid Invasion of Ukraine, Variety, Penske Media Corporation (6 -март (жалган куран) 2022).
  3. Winter on Fire: Ukraine's Fight for Freedom. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2019.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]