Night Fever

Википедия дан

Night Fever (кырг. Түнкү калтыратма) - британиялык Bee Gees поп-тобунун ыры. Культтук "Ишемби кечинин калтыратмасы" бий-тасмасы үчүн жазылган. Ырдын авторлору Барри, Робин жана Морис Гибб ага-инилер, продюсерлөөнү Bee Gees тобунун өзү, Элби Гелатен жана Карл Ричардсондор колго алышкан. Saturday Night Fever'дин жалпы саундтрегинин ичинде да, 1978-жылы 7-февралда өзүнчө сингл болуп да чыккан. Чыгары менен чарттарга катышып, көбүнчөсүндө биринчи орунду ээлеген. Мисалы, 1978-жылы Billboard Hot 100 чартында Энди Гиббдин "Love Is Thicker Than Water"-ин ашып өтүп эки ай бою алдыңкы турумун сактаган. Кийин болсо, Ивонн Эллимандын "If I Can't Have You"-суна орун бошоткон. Бул эки ырды тең ага-ини Гиббдер жазышканы көңүл бурууга арзырлык.

Продюсер Роберт Стигвуд башында тасманы Saturday Night деп атагысы келген, бирок композитор Роберт Гибб бул жөнүндө оюн билдирип, Night Fever деген вариантты сунуштаган. Натыйжада, эки аталышты бириктирип Saturday Night Fever деп атоого келишишкен. Бирок, Гибб өзү сунуштаган аталышты саундтректин ырларынын биринде өзгөртпөй сактап калган. Ыр тасманын баш каарманы бөлмөсүндө клубка кетүүгө камданып жатканда жана ошол эле күнү кечинде бир нече киши катышкан синхрондук жапырт бий учурунда жаңырат.

Диск коммерциялык жактан ийгиликтүү болгон. Атап айтканда, Американын үн жаздыруучу компаниялар биримдиги чыгарылышка платина статусун ыйгарган, тактап айтканда, бир миллиондон ашык нуска сатылган. Сингл өз учурунда АКШ жана Улуу Британиянын хит-параддарында удаа сап башына чыккан. Бул бардык эле аткаруучулардын колунан келе берген эмес. Флориданын губернатору ага-инилерге штаттын ардактуу жарандары деген статус ыйгарган. Себеби, композиция үстүндөгү иштер Флоридадагы Criteria студияларында жүргөн. 2008-жылы Billboard Hot 100 чарты бул ырды бардык мезгилдердин улуу ырлары тизмесине кошуп, 33-орунга жайгаштырган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]