Nintendo Entertainment System

Википедия дан
NES.

Nintendo Entertainment System (Нинтендо көңүл ачуу системи, адатта NES деп кыскартылат) — Nintendo компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн 8 биттик үй видео оюн консолу. Ал алгач Family Computer катары (жапончо: ファミリーコンピュータ хепбөрн: Famirī Konpyūta; ошондой эле ファミコン Famikon, FC деген жалпылоочу кыскартылган аталышы бар) 1983-жылы 15-июлда Жапонияда жарык көргөн. Кийинчерээк 1985-жылы Түндүк Америкада, 1986-жылы Европада, ал эми 1987-жылы Австралияда жарыкка чыккан. Түштүк Кореяда ал Hyundai Comboy (현대 컴보이 Hyeondae Keomboi) деген ат менен белгилүү болгон жана Hyundai Electronics деген аталыш менен таанымал болгон SK Hynix тарабынан жайылтылган. Өз убагындагы бестселлер оюн консолу болгон NES 1983-жылдан кийинки кыйроого учураган АКШдагы видео оюн өнөр-жайын кайра калыбына келтирүүгө жардам берген. NES аркылуу Nintendo өз платформасына өндүрүү жана оюндарды жайылтыш үчүн үчүнчү тарап иштеп чыгуучуларга укук берген жаңы стандарттагы ишкердик моделин киргизген. Андан кийин Super Nintendo Entertainment System келген.

2009-жылы Nintendo Entertainment System 25 оюндан турган тизмеде IGN тарабынан тарыхтагы жалгыз эң мыкты оюн деген наамга ээ болгон. Бул PC Magazine журналынын "Жалпы видео оюндардын мыкты ондугу" тизмесинде Sega Dreamcastтан кийин 2-сапка жайгашкан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]