Oзон катмары

Википедия дан

Oзон катмары, озоносфера – атмосферанын 10–50 км аралыгындагы (тропиктик кеңдиктерде 25–30 км, мелүүн алкакта 20–25 км, уюлдук алкакта 15–20 км) озон концентрациясы жогору болгон катмары. Ал стратосферага дал келет. Күндүн ультракызгылт көк нурларынан кычкылтек (O2) иондошуп, кычкылтектин 3 атому (O3) пайда болот. Oзон катмарын франциялык физиктер Шарль Фабри жана Анри Буиссон (1913) ачкан. Озондун жогорку концентрациясы зыяндуу ультракызгылт көк нурларды сиңирип, тирүү организмдерди коргойт. Озондун эң чоң тыгыздыгы 20–25 км, эң көбү 40 км бийиктикте кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]