Oh, Pretty Woman

Википедия дан

"Oh, Pretty Woman" (кырг. О, сулуу) - Рой Орбисонго дүйнөлүк атак-даңк алып келген белгилүү ыр. Ырды Рой Орбисон Билл Деес менен биргеликте жазган, Теннеси штатындагы Нешвиллде "Monument Records" студиясында жаздырылган. Oh, Pretty Woman Billboard Hot 100 музыкалык хит-парадында үч апта бою 1-орундагы позициясын сактаган.

1991-жылы Рой Орбисонго, өлгөндөн кийин "Грэмми" музыкалык сыйлыгы "Мыкты эркек поп вокал аткаруу" наминациясында Oh, Pretty Woman ырын HBO телекомпаниясынын "Рой Орбисон жана Достор, Ак-Кара Түн" теле-берүүсүндө жандуу үн менен ырдаганы үчүн ыйгарылган. 1999-жылы "рок-н-роллду аныктаган 500 улуу ырдын" бири деп аталган. 2004-жылы "Rolling Stone" журналы Oh, Pretty Woman ырын "Бардык мезгилдердин 500 улуу ыры" тизмесине кошуп, 222-орунга жайгаштырган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]