Paramount Pictures

Википедия дан

Paramount Pictures Corporation (Paramount катары да таанымал) – 1994-жылдан тартып Viacom медиаконгломератынын туунду компаниясы болгон Голливудта (Калифорния штаты) негизделген америкалык тасма студиясы. Paramount – эски замандардан калган бешинчи тасма студиясы, АКШнын экинчи эски тасма студиясы жана "Big Six" тасма студиялар мүчөлүгүнүн Голливудта (Лос-Анжелес) жайгашкан жалгыз мүчөсү. 1916-жылы продюсер Адольф Зукор 22 актер жана актриса менен келишимге кол коюп ар бирөөнөнө фирма белгисиндеги жылдызды ыйгарган. Жылдыздарга ээ болгон дээрлик бир канчасы алдынкы пландагы "тасма жылдыздарына" айланган. 2014-жылы Paramount Pictures өз тасмаларын санарип түрүндө чыгарган Голливудтагы жалгыз ири тасма студиясы болгон.

Paramount Pictures Америка кинокомпаниялар ассоциациясынын мүчөлүгүнө кирет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]