Pokémon Go (оюн)

Википедия дан
Pokémon Go‎»‎ барагынан багытталды)
Pokémon Go
Иштеп чыгуучу Niantic
Басып чыгаруучу Niantic
Жетекчиси Тацуо Номура
Сүрөтчү Деннис Хваң
Композитору Жюничи Масуда
Сериясы Pokémon
Кыймылдаткычы Unity
Платформалар iOS, Android
Чыгарылган күнү 6-июль 2016
Жанрлары толукталган чындык, жайгашууга негизделген оюн

Pokémon Go — Покемон (Pokemon) деген сөздүн мааниси англис тилинен которгондо "рocket – чөнтөк, мonster – монстр же жырткыч" дегенди билдирет."Niantic" компаниясы тарабынан иштелип чыккан компьютердик оюн. 2016-жылдын 6-июлунан баштап iOS жана Android базасы кармаган смартфондорго жана планшеттерге чыккан. Pokemon GO – бул "кошумча реалдуулук" технологиясына негизделген бекер тиркеме, мында реалдуу дүйнө менен виртуалдуу дүйнөнүн айкалышуусу бар. Анткени бул оюндун эң башкы максаты – покемонду кармоо, ал эми смартфондун бетиндеги покемон реалдуу чөйрөнүн түсүндө көрсөтүлөт. Бул оюнда башкы каармандар – түрдүү жөндөмдөргө ээ покемондор же "чөнтөктөгү монстрлар". Оюнчулар чыныгы дүйнөдө аларды кармоого аракет кылышат, ал эми кармап алган оюнчуга сыйлык катары "момпосуй" берилет. Аталган оюн бир жуманын ичинде дүйнөдө укмуштуудай популярдуулук алып, Pokеmon брендинин баасын 8 миллиард долларга көтөргөн. Pokеmon Go оюнунун өзгөчөлүгү – виртуалдык жашоо менен чыныгы жашоону байланыштырганында. Мисалы, смартфондун камерасы менен виртуалдык образды кадимки басып бараткан көчө менен бастырып покемондорго аңчылык жасалат. Мунун баарын смартфондун камерасы аркылуу көзөмөлдөп турулат[1].

Ошол замат мамлекеттик текшерүү-жылы ишке киргизилгенден кийин, колдонмо дароо эле башында Кошмо Штаттардын, Канада, ошондой эле Армения, кийин дүйнө күйөрмандарды боло баштаган. Азыр оюн тез Азиядагы популярдуу болуп баратат.[2]

Ойноонун мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчу оюндун аккаунтун (каттоо) түзгөндөн кийин чачынын,терисинин жана көзүнүн өңүн тандап алып аватарды түзөт. Андан кийин оюнчунун географиялык жайгашкан жери көрүнөт. Картадагы покемондорду көк өң менен көрсөтүүчү – бул PokeStops болуп саналат. Оюнчу канчалык покемондорго жакындаган сайын ал формасын өзгөртүп, кубикке окшоп калат. Картадан покемондорду байкаган оюнчу аны реалдуу жашоодо издеп баштайт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Покемондорду чыныгы дүйнөдө жайгаштыруу "Nintendo" компаниясынын президенти Сатору Иватанын жана "The Pokemon Company" компаниясынын өкүлү Цунэказу Исихаранын идеясы болуп саналат. Жогорудагы эки инсан бул идеяны ишке ашыруу үчүн чөнтөк телефондорго оюндарды ойлоп табуу менен алектенген "Niantic" компаниясы менен биргеликте 30 миллиондун тегерегинде инвестиция жумшашкан. Бир жума аралыгында эле компаниянын жумалык таза кирешеси 1,5 миллион долларды түзгөн. Ал эми азыркы учурда бул көрсөткүч мындан 5 эсеге ашты. Бул оюнга кызыккандардын саны геометриялык прогрессиянын тездигинде өсүп жатат. Японияда ар бир төртүнчү адам Pokemon GО оюнун ойношот. Бул оюн Японияга чейин АКШда атактуулугу артып, ар бир онунчу адам оюнду колдонуп келишкен.

Оң жана терс жактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оң жактары

  • Pokemon GO оюнунун аркасы менен колдонуучу көп кыймылдайт.
  • Оюнчулар күндө жүрүүчү көнүмүш маршрут менен жүрбөстөн, башка жолдорду дагы өздөштүрүшөт.

Терс жактары

  • Оюнчу оюнга азгырылып, коомдон четтеп калат.
  • Курулай убакытты алат.
  • Бул оюнга азгырылган оюнчулар жолдо бара жатып кырсыкка кабылуу коркунучу жогору.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Польшада жана Испанияда полиция кызматкерлери автобус айдоочусун оюн менен алек болуп жатып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн кармашкан.
  • Индонезияда француз киши оюнга алаксып кетип, күтүүсүздөн Аскер комплексине кирип кеткен.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кантип билеттерди сатып алууга болот Pokémon Go Fest. Текшерилген күнү 17 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 24 -июнь (кулжа) 2021.
  2. Pokemon GO.