Portable Document Format

Википедия дан

Ташылма документ калыбы (ТДК) (англ. Portable Document Format (PDF)) - Ташылма документ калыбы, Adobe Systems компаниясы тарабынан иштелип чыккан платформалар аралык электрондук документ форматы.

Мында PostScript тилинин бир катар мүмкүнчүлүктөрү колдонулган. Биринчи кезекте полиграфиялык продукцияны электрондук түрдө сунуштоого арналган. Көрүү үчүн көптөгөн программалар бар, алардын ичинде Adobe Reader акысыз программасы да бар. Көбүнчө заманбап кесиптик басма жабдуулардын PDF форматы үчүн аппараттык колдоосу бар. Мунун аркасында, аталган форматты атайын программалык камсыздоонун жардамысыз басып чыгарууга болот. PDF документтерди түзүүнүн салттуу жолу виртуалдуу принтер болуп саналат. Тактап айтканда, документ графикалык, тексттик, АПРС ж.б. атайын программаларда даярдалып бүтүп, электрондук түрдө таркатуу же басмаканага берүү үчүн PDF форматка экспорттолот.

2008-жылдын 1-июлунан тартып PDF ачык ISO 32000 стандартына ээ.

PDF форматы керектүү тамга (сап текст), багыттык жана растер сүрөт, форма жана коймо мультимедия киргизүү мүмкүндүгүн берет. RGB, CMYK, Grayscale, Lab, Duotone, Bitmap жана растер маалыматты кысуунун бир нече түрүн колдойт. Басып чыгаруу үчүн өзүнүн PDF/X-1a, PDF/X-3 деп аталган техникалык форматтары бар. Документтердин коопсуздугу жана аныктыгы үчүн электрондук кол тамга механизмин бар. Кошо жиберилген бир далай документация ушул форматта тарайт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]