RAID сактоо системи

Википедия дан
RAID 5.

RAID сактоо системи. Маалыматтарды компьютерге жазуу жана андан окуу тез аткарылгандыктан чоң дисктер иштөөгө жолтоо болууда. Компьютер убактысынын көбү дисктен берилиштерди күтүүгө кетет. Ошол себептен айрым диск чыгаруучу мекемелер бир нече кичине дисктерди бириктирип, аракеттеништери бир чоң дискке тете болгондой иштеп чыгууда. Кичине дисктердин бириктирилген тобу RAID (redundant array of inexpensive disk) сактоо системи деп аталат жана кымбат эмес дисктердин массивин түзөт. RAID техноложи аракеттери ар кандай жолдор менен аткарылат жана ал жолдор RAID деңгээлдери деп аталат. RAID дин эң жөнөкөй методу 1-деңгээлдеги RAID методу деп аталып, берилиштерди сактоодо ар бир диск үчүн бирден резервдүү диск пайдаланылат. Резерв көчүрмөлүү ар диск берилиштер кантип көчүрүлгөндүгү тууралу маалыматты камтыйт. Эгерде берилиштер диски бузулуп калса, анда резерв көчүрмөлүү диск берилиштер диски катары колдонулуп калат.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак."КОМПЬЮТЕР жана ИНТЕРНЕТ Энциклопедиялык окуу куралы". Бишкек, Кыргызстан 2004-ж.